17.06.2019 12:00

Сергей Слесарев «Күнөстүү жээктин» сатылышы боюнча кылмыш ишти токтотууну суранды

Сергей Слесарев «Күнөстүү жээктин» сатылышы боюнча кылмыш ишти токтотууну суранды

Бүгүн, 17-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши каралып жатат.  Отурумда жактоочу Сергей Слесарев «Күнөстүү жээк» пансионатынын сатылышы боюнча кылмыш ишти токтотууну суранды. Анын айтымында, пансионат сатылган учурда Ибраимов «Дастан» ишканасынын директору кызматында турган эмес.

«Тергөө Ибраимовго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мүлктүу ээлеп алуу же коротуу айыбын тагып жатат. Пансионатты сатуу иши Ибраимовсуз жүргөн. Ал кезде Юрий Васильев жетекчи болчу. Бул убакытта Ибраимов аталган ишканада иштебей калган», - деди жактоочу. 

Өз кезегинде экс-мэр Албек Ибраимов бул ишти кылган адам өз күнөөсүн мойнуна алганын белгиледи. 

«Чыгым 152 млн сом болчу. Тергөөнүн жүрүшүндө үчүнчү кардар пайда болгону аныкталды. Ал пансионатты 82 млн. сомго сатып алганын мойнуна алды жана чыгымдын ордун толтуруп берди. Акционерлердин макулдугу да бар. Мен бул убакта ал кызматты ээлеп турган эмесмин», - деди Ибраимов.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө барып келип, өтүнүчтү четке какты.